www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүндө дары-дармек өндүрүшүнүн олуттуу өскөнүн билдирип:«Бирок кээ бир дары-дармектерде дефицит болуп, баалар көтөрүлүп кетти. Запастарды өз убагында, белгилүү бир мөөнөткө түзүү керек», - деди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Орусияда жасалган дарылардын өлкө базарында чоң үлүшкө ээ экенине көңүл бурган Путин: «Биз өткөн жылдын үч кварталында фармацевтика өндүрүшүн 22 пайызга көбөйттүк, рыноктун 60 пайызы Орусияда өндүрүлгөн дарыларга таандык. Бирок кээ бир дары-дармектерде дефицит болуп, баалар көтөрүлүп кетти. Запастарды өз убагында, белгилүү бир мөөнөткө түзүү керек.

Орусиянын дүйнөнүн эң чоң жаратылыш газ өндүрүүчүлөрүнүн бири экенин белгилеген Путин: «Биз жаратылыш газын жер астындагы кампаларга суроо-талап көп болгон кыш-күз мезгилинен өтүү үчүн айдайбыз. Чекене соода тармагында да ушундай кылабыз. Албетте, фармацевтика тармагында ар кандай нюанстар бар, бирок ошол эле ыкманы колдонсо болот», - деп айтты.

Айтылган мамиленин фармацевтика базарын дагы тең салмактуу кыла турганын белгилеген Путин, Орусиянын дары импортуна чектөө койбогондугун жана көптөгөн чет элдик фирмалар менен кызматташууну улантып жатканын белгиледи.

Последние новости