www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал ортодо согуштун очогуна айланган Украинада дагы бир “согуш” башталды. Башкача айтканда, президент Владимир Зеленский өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мындан улам Украинанын бир нече жогорку даражалуу чиновниктери кызматтан алынууда.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-январда башкы кеңешчи, министрдин төрт орун басары жана беш облустун губернатору кызматтан кетти. Алардын кетиши Украинада коррупцияга каршы масштабдуу өнөктүк башталган учурга туш келди.

Соңку кездери бир катар украин аткаминерлери паракорчулукка, азык-түлүктү кымбаттатылган баада сатып алууга жана байма-бай жашоого айыпталган.

Кызматынан ажырагандардын арасында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Кирило Тимошенко да бар. Ал Зеленскийдин шайлоо компаниясында иштеп, кийин аймактык саясатка жетекчилик кылган. Тимошенко кымбат баалуу унааларды колдонгону боюнча чуулгандуу иштерге аралашканы менен, ал өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет. Кызматтан кеткенин жарыялагандан кийин ал өзүнүн Telegram каналында Зеленскийге күн сайын жана мүнөт сайын жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле отставкадагы чиновниктердин арасында башкы прокурордун орун басары Олеский Симоненко, коомчулук жана аймактык өнүктүрүү министринин орун басарлары Иван Лукеря жана Вячеслав Негода, социалдык саясат министринин орун басары Виталий Музиченко, Днепропетровск, Запорожье, Киев, Сумы жана Херсон облустарынын губернаторлору бар.

Кызматтан кетүү мезгили баштала электе Зеленский мүчө болгон "Элдик кызматчы" партиясынын лидери Девид Арахамия коррупционерлер түрмөгө кесилиши мүмкүн экенин айткан.

«Баардык чиновниктер расмий жана бейрасмий каналдар аркылуу «согушка көңүл бургула, жабыркагандарга жардам бергиле, бюрократияны азайткыла жана күмөндүү бизнести токтоткула» деген ураандар менен тынымсыз эскертип турушат. Алардын көбү буйрукту чындап укса, тилекке каршы кээ бирлери укпай коюшту. Ырааттуу иш кылбаса, согуш мезгилинин мыйзамы боюнча жооп берет», — деп жазды ал Telegram баракчасына.

Маалымат үчүн айта кетсек, Украинада акыркы жылдары коррупцияга каршы реформалар жүргүзүлүп жатканы менен бул көйгөй батыш союздаштарынан миллиарддаган доллар каржылык колдоо алган Киев үчүн дагы эле чоң коркунуч жаратууда. Анткени Украинага батыш тараптан берилген акчалардын баардыгы карыз.

Алибек Бейжанов, Ташкен

Булак: NazarNews.kg

Последние новости