www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү индиялык астролог Аджай Бхамби феноменалдуу алдын ала айтуу жөндөмүнө ээ. Ал Джо Байдендин шайлоодогу жеңишинен баштап, коронавирустук пандемиясынын келип чыгышына чейин алдын ала айткан. Ага жөнөкөй адамдардан баштап дүйнөгө белгилүү инсандарга чейин кайрылышат. Индияда таланттуу астрологдун катышуусу жок маанилүү чечим кабыл алынбайт.

2022-жылы Аджай Бхамби Андрей Малаховдун “Малахов” берүүсүнө келип, алдыда күтүлүп жаткан маанилүү окуялар тууралуу айтып берген.

Чечүүчү он жыл...

Аджай Бхамбинин айтымында, азыркы 10 жыл аралыгы акыркы 100 жыл ичиндеги адамзаттын тагдыры үчүн маанилүү болуп саналат. Ар бир муунда планетада глобалдык өзгөрүүлөр болуп турат. Өткөн кылымда мындай өзгөрүүлөр 1940-50-жылдар аралыгына туш болгон. Бул учурда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөлүк карта толугу менен өзгөрүүгө учураган. Анын таасири астында адамдардын аң-сезими, чек ара, экономика, саясий байланыштар сыяктуу өзгөрүүлөр болду. Биз азыр өзгөрүүгө алып келе турган 10 жылдын ичинде жашап жатабыз. Бул этап адамзаттын өнүгүшүндөгү жаңы этап болуп калат. Учурда биз алдыңкы 70 жыл үчүн фундамент куруп жатабыз.

Россия Федерациясы үчүн божомолдор

Россия Федерациясынын өзгөчө миссиясы бар деп эсептеген Аджай Бхамби жылдык божомолдорду чыгарууда аталган өлкөнү унутта калтырбайт.

“Россия Федерациясы дүйнөлүк экономикада жана жалпысынан күчтөрдүн тең салмактуулугунда маанилүү роль ойнойт. Азыр борбордук күчтөр батыштан чыгышты көздөй жылып жатат жана Россия Федерациясы күчтөрдүн тобу менен бекем байланышта болот”, - дейт ал.

Көптөгөн божомолдор боюнча, Россия Федерациясы мамлекеттердин достук союзун түзөт.

“Мен бул топто БРИКС`тин курамындагы (Бразилия, Россия Федерациясы, Индия, Кытай, Түштүк Африка) өлкөлөрдүн баарын көрүп турам. Алар жаңы дүйнөнүн пайда болушуна жана калыптанышына өбөлгө түзүшөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан ушул убакка чейин АКШ бизге үстөмдүк кылып келе жатканын көрүп жатабыз. Бирок 10 жыл аралыгынын соңунда бул үстөмдүк төмөндөйт. Мындан улам борбордук күч батыштан чыгышка оойт”.

Чыр-чатак божомолдору..

Дүйнө алдыңкы мамлекеттердин көптөгөн саясатчыларын кучагына алган кастык агрессиясынан солкулдап жатат. Державалар маселелерди дипломатия менен эмес, курал менен чечип калышты. Мындай курч кырдаал Европада гана эмес, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө дагы байкалууда. Бирок астрологдун айтымында, абал мындан ары жакшы нукка бурулат.

“Бүгүнкү күндө бардык жерде чыр-чатак болуп жатат, бирок 10 жылдыктын акырында бул көрүнүш токтойт. Россия Федерациясы менен батыш ортосунда чыр-чатак 2023-жылдын жаз айларынан баштап жакшыра баштайт. Россия Федерациясы жана президенти дүйнөлүк окуяларда, чыр-чатакты токтотууда эң чоң роль ойнойт”, - дейт Бхамби.

Россия Федерациясы менен Украинанын келечеги

Астрологдун айтымында, Россия Федерациясы учурда башынан кыйынчылыктарды өткөрүп жатат. Украина дагы, Россия Федерациясы дагы багынбайт. Эки өлкө ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү эч кандай жыйынтыкка алып келбейт. Аджай Бхамбинин божомолунда, 2023-жылдын май айынан баштап чек арадагы абал өзгөрө баштайт. Бул маселеде Россия Федерациясы чоң ролду ойноп, Владимир Путин дүйнөлүк окуяларда өзгөчө орунду ээлеп, чыр-чатакка чекит коёт. Ал эми Владимир Зеленский алдыга ишенимсиз карай баштайт. Азыркы абал ага кинону элестетип жатат. Имараттар жарылып, адамдар өлүп жатат. Бул жакшылыкка алып барбайт.

“Мен Владимир Путиндин гороскобун окуп чыктым. Анда Меркурийдин жаңы мезгили башталды. Дүйнө олуттуу маселеге кабылып, чыр-чатактар чечилет. Бул кырдаал Россия Федерациясын жогорку тепкичке көтөрөт. Путинди Ганди сыяктуу эстеп калышат. Мындай инсандар дүйнөгө таандык болушат. Россия Федерациясынын гороскобу Путиндин гороскобу менен төп келет. Астрологияда бул өтө сейрек кездешет", - дейт астролог. 

Дүйнөлүк ачкачылык жана экономикалык кризис

Көптөгөн мамлекеттерде адамдар үй-жайын, жумушун жоготот. Өнүккөн өлкөлөрдө эл жакырланып, азык-түлүктүн жетишсиздигинен ачкачылык башталат. Бул абал дүйнөлүк курч маселеге айланат. Бирок Россия Федерациясы суу жана азык-түлүк тартыштыгына кабылбайт.

2020-2023-жылга чейинки аралык адамзат үчүн эң маанилүү болуп саналат. Бул толук өзгөрүүдөн кийин дүйнө кардиналдуу түрдө өзгөрүүгө кабылат.

Инопланетяндар тууралуу божомолдор

Аджай Бхамбинин айтымында, жер 8 миллиард адамды бага албайт. Баарына ресурс жеткирүү мүмкүн эмес. Андыктан жаңы үй издөөгө туура келет. Мындан улам бир нече жылдан кийин биз Айга жана жакынкы планеталарга учууга даярдык көрүлүп жаткан көптөгөн космостук программаларга күбө болобуз. Мындай абалда бизге байланыш түзүшүбүз керек болгон башка цивилизациялар жардамга келет.

2023-жылга жалпы божомол

Аджай Бхамби бул жыл күтүүсүз сюрприздерге бай болорун айтат.

“Бизди көптөгөн сюрприздер күтөт. Алар, улуттук, Эл аралык, глобалдык жана жеке деңгээле болот. Сюрприздин болуп турганы жакшы. Эгерде биз аны туура колдонсок 2023-жыл баарыбыз үчүн тынч жана жакшы жыл болот”, - дейт ал.

Астрологдун айтымында, биринчи өзгөрүүлөрдү жакында тактап айтканда, жай айынын соңунда байкалат.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости