www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Васильевка айылында 16 жаштагы мектеп окуучусун мыкаачылык менен сабоого шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгач сабалган бала менен тең курактагы окуучу милицияга жеткирилип, кийин тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде коё берилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.
Эске салсак, 9-класстын окуучусу катуу сабалган видео социалдык тармактарга тараган. Бирок жергиликтүү тургундар бул окуяга күбө болгон аймактык башкы дарыгерге нааразы болушкан. Себеби ал өспүрүмдүн кыймылсыз жатканын көрүп туруп унаасын айдап кетип калган. Жабырлануучуга башка өтүп бара жаткандар жардам беришкен.
Натыйжада Саламаттыкты сактоо министрлиги өспүрүм балага жардам бербей койгон үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисин шалаакылыгы үчүн кызматынан бошоткон.
Булак: NazarNews.kg
.