www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта ири суммадагы акча каражатын карактаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун өзүнө сырттан тааныш болгон 30 жаштардагы балдар үйдөгү акчасын алмаштырып берүү өтүнүчү менен алдап Сузак районуна алып барышып, мойнуна бычак такап коркутуп 2 миллион 700 миң сомун алышып, “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаага отурушуп, белгисиз тарапка качып кетишкен. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышкан. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары 1996-жылы туулган А.Н., 1997-жылы туулган М.А., 1999-жылы туулган С.А., 2001-жылы туулган К.А. жана Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 2001-жылы туулган А.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости