www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасска барат, бирок азырынча мындай сапардын конкреттүү планы жок. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда өлкө башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
«Азырынча конкреттүү пландар жок, бирок Путиндин Донбасска бара турган убагы келеринен күмөнүм жок, албетте. Бул Орусиянын аймагы жана ал ошол жерде болот», - деди Кремлдин өкүлү.
Орус президентинин Индонезиядагы Чоң жыйырмалыктын жыйынына катышуусуна токтолгон Песков Кремлдин түрдүү форматтарды талкуулоону уланта турганын айтты.
Кошумчалай кетсек, Кремлдин өкүлү Москва 8-ноябрдагы АКШ Конгрессине болгон орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыгын талдап жатканын белгиледи.
«Баарын таштап, карап калдык деп айтууга болбойт. Бизде жумуш көп, алар биз үчүн маанилүү. Бирок, албетте, биз келген маалыматтарды кылдаттык менен талдап жатабыз», - дейт Песков.
Анын пикиринде, АКШ Конгрессине шайлоо орус-америкалык мамилелерге эч кандай таасир этпейт, мамиле азырынча начар бойдон кала берет.
Булак: NazarNews.kg