www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Эрдоган менен эмнени талкуулады?

Россия жана Түркия президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган телефондон сүйлөшкөнүн Кремль билдирди.

Жакын арада жогорку деңгээлдеги Түркия-Россия жолугушуусу болуп, анда мамлекет башчылар өз ара кызыкчылыкты көздөгөн бир топ маселелердин топтомун талкуулай турганын кабарлады.

Өзгөчө маани экономикалык кызматташтыктын мындан аркы жанданышына, укуктук-келишимдик базаны жакшыртууга, сооданы жана эсептешүүнү улуттук акча менен жүргүзүүнү активдештирүүгө бериле турганы айтылды. Андан сырткары россиялык энергетикалык ресурстарды үзгүлтүксүз жеткирүүнү колго алуу да белгиленген.

Тараптар бул боюнча тыкыр кызматташууну өкмөт аралык комитеттердин тең төрагалары менен тармактык ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде алып барууга макулдашты.

Президенттер Украина тегерегинде, анын ичинде дүйнөлүк рынокко эгин алып чыгууда Кара деңизде коопсуздукту камсыздоону координациялоо боюнча да пикир алмашты.

Сирия темасын жөндөө боюнча талкууда үч тараптын — ирандык өнөктөштөрдүн — Астана процессинин алкагындагы иштердин маанилүү экендиги айтылды.

Последние новости