www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-30-августта өтүп жаткан Казан глобалдык жаштар саммитинин катышуучуларын жана конокторун куттуктады. Телеграмма кечээ, 29-августта Кремлдин сайтында жарыяланды.

«Ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү аймактык жана глобалдык күн тартибинин көптөгөн актуалдуу маселелерин чечүүдө, адилеттүү жана демократиялуу дүйнөлүк тартипти орнотууда биздин салттуу өнөктөштөрүбүз болуп саналат. Мындай конструктивдүү көп кырдуу кызматташууга жаштардын активдүү катышуусу маанилүү», — деп айтылат Путиндин кайрылуусунда.

Путин Казандын Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) жаштар борбору болуп шайланышы Орусиянын бул эл аралык уюм менен болгон мамилесинин жогорку деңгээлин тастыктаганын белгиледи.

«Казанга ондогон өлкөлөрдөн жүздөгөн делегаттар келишти – ар кандай коомдук жана студенттик уюмдардын, эксперттик борборлордун жана жаштар саясаты үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү», - деди ал.

Путин делегаттар маңыздуу талкууларды өткөрүүгө, кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлорду аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөөрүнө жана саммит Орусия менен ислам өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Казан дүйнөлүк жаштар саммити 27-30-августта уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости