www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин РФтеги мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу идеясын колдогонун "Известия" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Улуттардын иши боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Баринов Владимир Путин менен жолугуп, мигранттардын социалдык обочолонуусуна жол бербөө боюнча иштер башталганын айтып, адаптация борборлорун түзүүнү сунуштаган.

Ошондой эле, Путин бул идеяны колдой турганын айтып, мигранттарды Орусияга көндүрүү боюнча иштерди алардын мекенинде баштоо керектигин кошумчалаган.

"Мен кесиптештер менен сүйлөшкөндө эч ким каршы болгон эмес. Тескерисинче, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан бул ишти колдойт. Алар деле жарандары өлкөдөн кетип Орусияга келерде биздин маданият, тил жана мыйзамдарды билүүсүнө кызыкдар", — деген Путин.

Белгилей кетсек, 2020-жылдан бери Орусияда 7 миллиондон ашык мигрант мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости