www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Эрдогандын жолугушуусу күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жакынкы аралыкта жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлеринин видеоконференциясында айтылганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Мерсинде жайгашкан "Аккую" атомдук электрстанциясынын 3-энергетикалык блогунун курулуш иштери башталуу салтанатында видеоконференцияда баарлашкан.

"Түркия Орусия менен маанилүү аймактык Сирия, Ливия, Карабах сыяктуу көйгөйлөр боюнча кызматташтык жүргүзүшү зарыл. Жыкында жолугабыз деп ишенем", - деген Режеп Тайип Эрдоган.

"Келиштик. Биз көптөн бери көрүшө элекпиз. Жакынкы күндөрү бетме-бет жолугушуубуз абзел", - деген Владимир Путин.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости