www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшүтү

Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Литванын Калининграддагы транзиттик чектөөсүнө жооп иретинде биргелешкен кадамдарды талкуулады. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда Путин менен Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Сүйлөшүүдө Литванын Орусиянын Калининград облусуна транзиттик жүк ташуусун мыйзамсыз чектөөгө байланыштуу кырдаал баса белгиленип, ушул алкакта таштала турган жалпы кадамдар талкууланды.

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган сүйлөшүүдө, Орусия-Беларусь өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерди тынымсыз бекемдөөгө болгон өз ара тенденция дагы бир жолу ырасталды.

Өткөн айда Литва Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген кээ бир товарларга өз аймагы аркылуу Калининградга өтүүгө тыюу салган.

Москва бийлиги Литванын тыюу салуусуна мүмкүн болушунча тез арада жооп кайтарарын билдирген болчу.

Орусия менен Калининград облусунун ортосундагы жалгыз темир жол Беларустун жана Литванын аймагы аркылуу өтөт.

Калининград - Литва менен Польшанын ортосундагы Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан, Орусия менен кургактык байланышы жок Орусиянын аймагы болуп эсептелет.

Последние новости