www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалды.

«Орусия, Армения жана Азербайжан лидерлеринин 2020-жылдын 9-ноябрындагы, 11-январь жана 2021-жылдын 26-ноябрындагы үч тараптуу келишимдерин ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгү тастыкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Путин менен Пашинян ошондой эле Орусиянын бейпилдик контингентинин Тоолуу Карабакта болушу бул аймакта туруктуулукту камсыз кылууга салым кошот деген пикирге келишти.

Сүйлөшүү Еревандын демилгеси менен болгону белгиленген.

KP.RU сайты жазгандай, августтун башында Орусиянын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабак жаңжалы болгон аймакта ок атышпоо режимин Азербайжан бузганын жарыялаган.

Окуя Сарыбаба бийиктигинин аймагында, орусиялык бейпилдик контингентинин жооптуу зонасында катталган. Буга байланыштуу Кремль Тоолуу Карабактагы жаңжалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирди.

Андан соң Орусия Федерациясынын тынчтык орнотуучу контингентинин командачылыгы армян жана азербайжан тараптын өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды турукташтыруу боюнча кошумча чараларды көргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости