www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Оогансатандагы кырдаал турукташышы үчүн РФ баарын жасай турганын билдирди.

Президент Душанбеге расмий сапар менен барып, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушууда. Тараптар афган тематикасындагы маселелерди талкуулашты.

“Сиздер билесиздер, биз ал өлкөдө кырдаал турукташышы үчүн баарын жасайбыз, абалды көзөмөлдөп жаткан саясий күчтөр менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди Путин.

Ошондой эле ал Тажикстандын Оогансатан жана башка коңшу өлкөлөрү менен мамилеси кандай нук алып жатканы туурасында Рахмондун пикирин угууга ынтызар экенин белгиледи.

Мындан сырткары, Путин афган этносторунун баары өлкөнү башкарууга катышышы керектигин айтты.

Ал Москва менен Душанбе бардык багыттар боюнча активдүү иштешип жатканын, эки өлкөнүн мамилеси терең жана союздаш экенин кошумчалады. Ошону менен катар Орусияда иштеп жүргөн Тажикстандын жарандары РФ экономикасынын өсүшүнө зор салым кошуп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости