www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин жарандар мобилизацияга негизсиз чакырылбай турганын жана ар бир мыйзам бузуу өзүнчө каралышы керектигин айтты. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады.

Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте жарым-жартылай мобилизация тууралуу талкуулаган.

"Көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлерди мотоаткыч кылып дайындалып калган учурлар бар. Бул эмне? Аскердик тажрыйбасы бар орусиялыктар аскерге чакырылат, "бул талап катуу сакталышы керек". Мобилизацияга алынгандар кошумча окуудан өтүшү зарыл", — деген Орусия лидери.

Ал мобилизацияга негизсиз чакырылгандар артка кайтарылышы керектигин, прокуратура органдары ар бир мыйзам бузууга тез арада чара көрүшү зарыл экенин кошумчалады.

"Кетирилген бардык катаны оңдоп, эми аларды кылбаш керек. Кийинкиге калтыруу мөөнөтү деген бар. Маселен, көп балалуу аталар же аскерге чакырылган курактан өтүп кеткендер, өнөкөт оорусу бар жарандар бар. Ар бир нерсеге өзүнчө караш керек. Ката кетсе, оңдогула. Негизи жок чакырылгандарды үйүнө кайтаргыла", — деген Путин.

Ошондой эле өз ыктыяры менен келгендерге мобилизация тууралуу так маалыматтар берилиши керектигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости