www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле бекемделүүдө. Бул туурасында Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Ал бүгүн, 18-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамотасын кабыл алып, эки өлкөнүн мамилеси тууралуу кеп салган.

«Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых бириктирип турат, бири-бирибизге өз ара ишеним жана урмат-сыйыбыз бар. Орусия жана Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, аскерий-техникалык, маданий, гуманитардык жана башка тармактарда эриш-аркак ийгиликтүү иш алып барып, Евразия интеграциясын өнүктүрүүгө биргеликте салым кошуп келет», - деген Путиндин сөзүн Кремлдин маалымат кызматы таратты.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти лидери 24-майда Сочиде ушул тема боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болорун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости