www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүбүздүн шалаакылыгыбыз, саткындыгыбыздын айынан Кумтөр ушул абалга келди. Мындай пикирди саясат таануучу, жарандык активист Руслан Акматбек айтты.  

--"Кумтөрдөгү мыйзам бузуулар, мөңгүлөрүн талкаланылышы, экологиялык зыян, алданып калганыбыз, коррупция. Ушунун баары өзүбүздүн шалаакылыгыбыз, билимсиздигибиз, саткындыгыбыз, ач көздүгүбүздүн айынан болгону даана көрүндү. Жаман үйдү коногу бийлеп, арам кекиртегибиздин айынан балдарыбызды өз колубуз менен тоноптурбуз. Жаратылышка болгон кыянаттыкты айтпай эле коёлу. 

Динара Кутманова илгертен бери эле какшап, экологияга жалгыз күйүп келе жатат. Айрым депутаттар жаңы эле билгенсип, сөөмөй көзөп, патриотко айланып кеткени адамдын итиркейин келтирет. Дагы бир жолу көрдүк, өлкөбүздөгү бүт көйгөйлөр өзүбүздөн, душман издегенди токтотуп, өзүбүздү өзгөртөлү", - дейт Руслан Акматбек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости