www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва менен Минскинин алакасындагы экономикалык кызматташтыкты артыкчылыктуу деп атады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Минскидеги иш сапарынын алкагында билдирди.

«Экономикага келсек, Александр Григоревич Лукашенко айткандай, бул биздин приоритетибиз», - деди орус лидери.

Жолугушууда ал эки өлкөнүн өкмөттөрү биринчи кезекте экономика тармагындагы иштеринин жыйынтыгын чыгарууну пландаштырып жатканын айтып, акыркы мезгилде Орусия менен Беларусь коопсуздук жана кызматташтык маселелерине көп көңүл буруп жатканын белгиледи. 

Орус лидеринин айтымында, ал эки өлкөнүн мамилеси ушундай жол менен өнүгүп жатканына канааттанат.

«Беларусь биздин жакшы коңшубуз, алар менен акыркы ондогон жылдардан бери бири-бирибиздин кызыкчылыгыбыз үчүн кызматташып келе жатабыз», - деди Путин.

Орус лидеринин айтымында, 2021-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү үчтөн бирине көбөйүп, 38,5 миллиард долларды түзсө, быйылкы жылдын 10 айында дагы 10%га өсөт.

«Бул да абдан жакшы. Өткөн жылы рекорд койгон болсок, бул жылы жаңы рекорд болот деп айтууга негиз бар. Соода жүгүртүү боюнча 40 миллиард доллардык деңгээлге жетебиз», - дейт президент.

Путиндин айтымында, Москва менен Минсктин бүгүнкү сүйлөшүүлөрү эки өлкөнүн биргелешкен ишмердүүлүгүнүн кээ бир жыйынтыктары чыгарылып, талкууга алынчу маселелер чечиле турган аянтчага айланышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости