www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам укугун коргоочу Эржан Сулайман, КР Президенти С.Н. Жапаровго камактагы саясатчы жана активисттерге байланыштуу конструктивдүү кайрылуу жасады.
Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Ушул кайрылууну дыкаттык менен окуп чыгып, андагы жүйөөлөрдү кабыл аласыз деп терең ишенгим келет.
Укуктук же айыптоо тилинде эмес, жөнөкөй баарлашуу тилинде, башкача айтканда адамча, чын дилден кайрылып көрүүнү туура көрдүм.
Мурун президенттикке чейинки Садыр Жапаров тууралуу маалыматым көп болчу эмес, бирок 2 нерсе эсимде сакталып калган. Биринчиси, сиздин соттук процесстериңиздин бири өтүп жатканда, "силерге эскертем, хадисте айтылган, кемитпей, ашырбай өч алууга биздин дагы укугубуз бар болот" деп таасирдүү айтканыңыз, экинчиси, уулуңуз жол кырсыгында кайтыш болгондо, ага күнөөлүү айдоочуну кечирип койгонуңуз эсимде калган.
Өзүңүздүн ошол учурдагы өтө кыйын абалыңызга карабай, ошондой райымдуу кадамга барганыңыз, менимче сиз үчүн балким тагдыр өзгөртүүчү себепке айланган болушу мүмкүн.
Азыр эми кимдир бирөө төңкөрүш, криминал же олигархия дейби, башкасын айтабы, жагабы же жакпайбы, маңдайыңызга мамлекет жетекчиси болуу жазылганына тарых күбө болду. Бул фактка айланганына 2 жылга жакындап калды.
Эми мамлекетти жетектөө ырыскысы буюрган соң, Жараткан, эл жана тарых алдында бул аманатты сактай билүү жана берекесин көрүү - сиздин чечимдериңизге жана аракеттериңизге байланыштуу.
Ошол эле мезгилде президенттиктин ар бир иште сыяктуу көпчүлүккө белгисиз сырлары, кыйынчылыктары, сыноолору бар болуп, бул жүктү сырттан сындап баамдоо менен көтөрүп көрүүнүн айырмасы чоң болсо керек.
Аманатка кыянаттык кылган мурунку президенттердин эл алдындагы жер караган жүзү, өлкөдөн куулган же түрмөдө камалган абалы баарыбыз үчүн чоң тарыхый сабак болууга тийиш.
Эгер аманатка кыянаттык жасалбай, президенттиктин берекеси болсо, ал кызматты аркалаган инсандын өзү үчүн гана эмес, эли, жери үчүн үзүрлүү жана жемиштүү болот. Андан баары утат.
Камактагы саясатчы, активисттерди сүттөн ак, периште дебейм, бирок араларында неберелүү, кичинекей балалуу болгон апалар бар, жалгыз баккан адамдын камакта болгонуна байланыштуу чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан үй-бүлөлөр, күнөөсүз ымыркайлар бар.
Эгер алар тараптан кандайдыр бир катачылык кеткен болсо же мейли кылмыш кылууга даярдык көрүлгөн болсо дагы, соттук териштирүүлөрдү үй камагына чыгаруу менен улантса адилеттүүрөөк болот эле.
Мындай хадис бар: "Дүйнө жүзү биригип сага зыян келтиргиси келсе дагы, алар Жараткан маңдайыңа жазгандан артык зыян келтире алышпайт, же дүйнө жүзү биригип сага пайда келтиргиси келсе, тагдырыңа жазылгандан артык жардам бере алышпайт".
Тилекке каршы, биздин коомдо жаратмандык, кечиримдүүлүк, сабырдуулук азайып бараткандай, тескерисинче касташуу, жектешүү, бөлүнүүчүлүк күч алууда.
Жалпыбыз көмөктөшөм, оңдошом, жардамдашам эмес, сырттан карап мазактайм, талкалайм, бөлүп жарам деген нукка түшүп калгандайбыз. Аткаминери да, карапайым жараны дагы.
Бул өлкө, мамлекет үчүн жоопкерчилик жалпыбыздын, ар бирибиздин мойнубузда.
Жаратмандыкка кайрылуу, жаратмандыкка буруп кетүү күчтүүлөрдүн чечкиндүүлүгү жана тандоосунан башталуусу абзел.
Илгери бабабыз Чыңгызхан ага атасы Эсугей баатыр өлөөрдө "чоңойгондо бою арабанын дөңгөлөгүнөн жогору болгон ар бир душман татарды өлтүргүн" деп айтып кеткен керээзин аткарар алдында кеңеш угат, татар кызы ага мынтип айтат: "Жамуха досуң көптөгөн ырайымсыз жазалоолорго барган эле, ошон үчүн ал сага жеңилген, эгер эми сен ырайымсыз кадамдарга бара турган болсоң, сага дагы ырайымсыз деген сөз жабышат жана сен дагы жеңилүүгө учурайсың".
Ошондо кастыктын негизинде өлтүрүлүп, өлөөр алдында атасынын айткан керээзин дагы аткарбай, Чыңгызган жеңилүүгө учураган душмандарга ырайымдуулук көрсөткөн болот.
Негизи адамзат тарыхындагы көптөгөн алп падышалардан Чыңгызхан сөздүн баркын, ачуу чындыкты баалай билүүсү, душманына да жасалган кастыкты кечирбей, өзүнүн элин, жерин акырына чейин коргогон душман жоокерлерди да жогору баалай билгендиги менен айырмаланган.
Аны өмүр бою кошоматчылар эмес, адилеттүүлүгүнө суктанып, багынып берген кечээки душмандар курчап турган. Чынчылдык, айкөлдүк жана марттык көчмөн лидерлерине таандык сапаттар эле.
Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту" повестинде да бир ырайымсыз, катаал чечиминен кийин дайыма асманда калкалап, ээрчип келаткан ак булут Чыңгызхандан жетим калган наристеге оойт. Оомат кетет...
Кыргызда эненин орду, апаларга мамиле дайыма өзгөчө. Энелер дагы, наристелер дагы бул жашоодо ырыскы менен берекенин себепкерлери.
Азыр камактагы өзгөчө апалар менен жаш аталарга карата баш коргоо чарасы өлчөмдөш эмес, эң катаал түрү тандалып алынган.
Касташууну азайтуу, коомду жаратмандыкка үндөө, мыйзам сактоо маданиятын калыптандыруу жана бекемдөө, Кудай алдында бирөөнүн акысына кирип кетпөө, ырыскысына билип-билбей кол салбоо, адилеттүүлүктүү талыкпай тургузуу үчүн айрым чечимдер өзгөрүлүүгө тийиш. Камалгандардын баш коргоо чаралары жеңил түрүнө өзгөрүүгө тийиш.
КР Президенти Конституция боюнча адам укуктарынын кепили катары эң жогору жоопкерчиликтүү. Өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында туура, калыс кадамдарга барууну Жараткан өзү насип этсин!
Урматтоо менен, Адам укугун коргоочу Эржан Сулайман.