www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайланддын падышалык деңиз күчтөрүнүн "Сукхотай" корвети Тайланд булуңундагы бороон учурунда чөгүп кетти. Кемеде 106 аскер кызматкери болгон. 75 адам куткарылды, 31инин дайыны чыкпай жатат. Куткаруу иштерине чоң толкундар тоскоол болуп жатканын Bangkok Post дүйшөмбүдө билдирди.

Куткарылгандардын биринин айтымында, ал чөгүп кетпөөгө аракет кылып, үч саат деңизде сүзүп жүргөн.

Кеме зарыл учурда балык уулоочу кемелерге жардамга келүү максатында жээктен 32 чакырым алыста болчу. 18-декабрда аба ырайы бузулганда толкундардан улам кемени суу каптап, электр системасын иштен чыккан.

"Сукхотайды" куткаруу үч фрегат жана көчмө насостору бар эки вертолет жөнөтүлгөн. Катуу шамалдан улам сууну сордурууга мүмкүн болгон эмес жана кеме чөгүп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости