www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-2025-жылдар үчүн миграциялык саясат концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, орус бийлиги чет өлкөлөргө кеткен орусиялыктардын санын азайтуу боюнча кошумча чараларды көрүшү керек. Документ укуктук маалыматтын расмий порталында жарыяланды.
«2022-жылы өзгөргөн социалдык-экономикалык шарттардын таасири астында Россия Федерациясынын калкынын чет өлкөлөргө миграциялык агымы көбөйгөн. Ушуга байланыштуу адамдык капиталды сактоо, Россия Федерациясынын калкынын чет өлкөгө агып кетүүсүн азайтуу үчүн жагымдуу каржылык, социалдык жана башка механизмдерди түзүү боюнча кошумча чаралар талап кылынат», - деп айтылат документтин пункттарынын биринде.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн чаралар катары өлкөдө туруктуу жашаган жана ата-энесинин кеминде биринин орус паспорту бар адамдар үчүн Орусиянын жарандыгын алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Жарлыкка ылайык, орус тилин билген чет өлкөлүктөргө, тагыраагы Беларустун, Украинанын, Казакстандын жана Молдованын жарандары үчүн жарандык алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби киргизилди.
Концепция ошондой эле “Орус аскерий операциясы учурунда жашаган жерин таштап кеткен Донецк жана Луганск Эл Республикаларынын, Запорожье жана Херсон облустарынын тургундарынын кайтып келүүсү үчүн шарттарды түзүү” зарыл деген пункт менен толукталган.
Булак: NazarNews.kg