www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Си Цзиньпин менен эмнени талкуулады?

Орусия президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, президенттер эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу Кремль билдирди.

Ага ылайык, өлкө башчылар Орус-Кытай мамилелери жогорку деңгээлде экенин жана дайыма жакшырып турарын белгилешти.

Президенттердин сүйлөшүүсүндөгү урунттуу учурлар:

Соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги жана абалы каралды;

Батыштын санкция саясатынан улам татаалдашып кеткен дүйнөлүк экономикадагы кырдаалды эске алуу менен энергетика, каржы, өнөр жай, транспорт жана башка тармактарда кооперацияны кеңейтүү макулдашылды;

Аскердик жана аскердик-техникалык байланышты өнүктүрүү маселеси козголду;

Президенттер дүйнөлүк аренадагы кырдаалды талкуулады. Анда Орусия менен Кытай мурдагыдай бир позицияны карманары, эл аралык укуктун негизги принциптерин колдой турганы, эл аралык мамилелердин адилеттүү системасын курууга умтулары белгиленди;

Тараптар ШКУ жана БРИКС уюмдарынын алкагында биргелешип иш алып баруу, координацияны тереңдетүү керектигин белгилешти;

Владимир Путин Украинадагы кырдаалга баа берип, атайын аскердик операция учурунда чечиле турган тапшырмаларды айтты;

Кытай төрагасы коопсуздукка коркунуч туудурган тышкы күчтөрдүн иш-аракетине каршы улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча Орусиянын аракеттеринин мыйзамдуулугун белгиледи;

Соңунда эки тараптуу байланышты улантуу макулдашылды. Сүйлөшүү жылуу жана достук маанайда өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости