www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин трибунасында Баткен тууралуу элди дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү жасоо туура эмес. Мындай пикирин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Адикарим Алимбаев 15-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
--«Өзүңөр билгендей, Баткен былтыр апрель айында эле аябай оор абалды башынан өткөрдү. Ошондуктан биз азыр өсүү жолунда, тынчтык жолунда кетип жатканда, бардык саясатчылар Баткен тууралуу сөз кылбай эле коюшса деп айтат элем. Бизге колдоо керек» деди облус башчысы.
15-июндан 17-июнга чейин Баткен облусунда Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өтүүдө. Иш-чараны президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы уюштурду.
Анда коомдук жайларды, өнөр жай ишканаларын кыдырып, облустун тургундары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу болот.
Булак: NazarNews.kg