www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун аймактарына быйыл ипотекалык үйлөр курулуп, жыл аягында пайдаланууга бериле баштайт. Бул туурасында президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маалыматтык турда билдирди.
Анын айтымында, үйлөрдү куруу иштери июль айында башталып, ноябрь айында бүтөт.
Ал эми "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" ишканасынын төрайымы Аида Төлөгөнова ипотекалык турак үйлөр 25 жылдык мөөнөткө берилерин айтты.
"Баткен облусунун макамы боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын алкагында министрлер кабинетинен тапшырма берилип, биз 200 миллион сом бөлүштүрдүк. Бул каражатка Баткен районундагы Бакай, Керме-Тоо айылдарында жана Лейлек районунун Кулунду, Раззаков айылдарына бир кабаттуу турак үйлөр курулат. Аянты 100 чарчы метр жана 80 чарчы метр болот. Мөөнөтү 25 жылга, жылдык 4 пайыз менен берилет. Белгилей кетүүчү жагдай, үйдөрдү ижара механизми менен беребиз", - деди ал.
Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов ар бир айылга 20 үй куруларын белгиледи.
"Менин үйүм - 2021-2026" программасынын негизинде чек арага жакын жайгашкан үй-бүлөлөрдү жана калктын аялуу, турак жайы жок жарандарды үй менен камсыз кылуу максатында президент тапшырма берген. Акча бөлүндү, уюштуруу иштери жүргүзүлүп, Баткенге келип үйлөр салынуучу аймактарда болдук. Элге үй алуунун шарттары боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ар бир айылга 20дан үй курулат. Курулуш иштерин тендерден уткандар жүргүзөт", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg