www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигинин Казакстан үчүн маанисине токтолду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Менин көз карашымда ЕАЭБ абдан маанилүү уюм. Интеграция катуу эмгекти жана өз ара компромиссти талап кылат. Эгер кайсы бир мамлекет өз кызыкчылыктарын коргобостон ар дайым жол бошотуп бере берсе, экономикасы алсыраса, жарандар "бул уюмдан эмне пайда" деп суроо бере башташат", — деди Токаев "Россия 24" телеканалындагы маегинде.

Ал ошондой эле бирикмедеги талаш-тартыштарды татаалдаштырып, тирешүүнүн кажети жок экенин белгиледи.

"Ооба, талаш-тартыш болуп турат. Отко май тамыза берүүнүн кандай кажети бар?" — деди Токаев.

Буга чейин Токаев Орусияга салынган санкцияларга карабастан кызматташуу улана турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости