www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын жарандары, ошондой эле Украинанын жарандары Орусияда чексиз жүрө алат деген жарлыкка кол койду. Документ Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.
Документте ЛЭР, ДЭР жана Украина жарандарынын Орусияда чексиз болушунун шарттары аталат. Алар манжа изин алуу, фото жана медициналык кароо. Медициналык кароодон өтүүдө качкындардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды дарыгердин рецептисиз колдонуусу, коркунучтуу жугуштуу оорулар жана ВИЧ инфекциясы бар экендиги текшерилет.
Жарлыкта ошондой эле Донбасс жана Украина республикаларынан келген качкындар Орусияда иштөөгө уруксаты жана патенти жок эле ишке орношо ала турганы айтылат.
Путин ЛДНР жана Украинадан келген качкындарга ай сайын 10 миң рублдан пенсия төлөп берүү боюнча жарлыкка кол койду. Ар кандай категориядагы аргасыз мигранттар үчүн башка социалдык төлөмдөр да каралган.
Булак: NazarNews.kg