www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Украинадагы согушу дагы бир жыл уланса, Европа кризистен чыга албайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Сербиянын президенти Александр Вучич элге телекайрылуусунда билдирди.

«Базар жокко чыгарылат, баары жоголот. Эгер орустар ушундай жай согушту жүргүзсө жана ал бир жыл же андан көп убакытка созулса, кийинки жылы Европада, анын ичинде бизде да андан эч ким аман калбайт. Башкалар айтпай турган чындыкты айтсам кечиресиз, бирок Кудай сактасын, август айында газдын баасы 4000 доллар болот!», - дейт Вучич.

Ошондой эле, президент ысыктан улам суу сактагычтардагы суу азайып, ГЭСте электр энергиясын өндүрүү токтоп, энергиянын баасы көтөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, орус газы өлкөнүн керектөөлөрүнүн 62% гана камсыздайт жана Белград үчүн бул абалдан чыгуу барган сайын кыйын болуп баратат.

Буга чейин Сербиянын Прогрессивдүү партиясынын президиумунун жыйынынан кийин Вучич глобалдык энергетикалык кризистен улам Европа катаклизмге (глобалдык кырсык) жана электр энергиясы өчүрүлөт деген пикирин билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости