www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Россия лидеринин айтымында, мамлекеттер ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделет. Ар кандай багыттардагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө.

"Көп пландуу орус-кыргыз байланыштарын мындан ары өнүктүрүү биздин достук мамиледеши элдин кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берерине, ал Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө алып барарына ишенем", — деп айтылат Путиндин телеграммасында.

Путин Жапаровго чың ден соолук жана ийгилик, жалпы кыргызстандыктарга бакыт жана бакубатчылык каалаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости