www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ лидери Владимир Путин Британия премьер-министри Борис Жонсондун Орусиянын башында аял киши турса атайын операцияны болтурбайт эле дегени өтө одоно болуп калганын айтып, Маргарет Тэтчер Бириккен королдуктун өкмөт башында туруп Фолкленд аралдары үчүн Аргентина менен согуш баштагандыгын эске салды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Буга байланыштуу жаңы тарыхтагы окуяны эске салгым келди. Маргарет Тэтчер Фолкленд аралдары үчүн Аргентинага каршы согуш ачуу чечимин кабыл алган. Согуш тууралуу бул чечимди аял кабыл алган, мындай алып карасак, Британия кайда да, ал аралдар кайда жатат. Бул өзүнүн империялык статусун бекемдегиси келген империялык дымак менен байланышкан. Андыктан Улуу Британиянын азыркы премьер-министринин бүгүн болуп жаткан нерселер боюнча айтканы өтө эле орунсуз, орой болуп калды деп ойлойм", — деген Путин.
Булак: NazarNews.kg