www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат каражаттарына комментарий берди.
Кулубаевдин айтымында, эки президенттин Москвадагы (Орусия) кеңейтилген жана тар жолугушуусунда саясий кызматташтык талкууланды. «Эки өлкө тең Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок деген пикирге келишти», - деди Кулубаев.
Ал ошондой эле негизги сүйлөшүү соода-экономикалык мамилелер тууралуу болгонун айтты. «Көптөгөн долбоорлор орус тарапты кызыктырды. Алар ири ГЭСтерди куруу, Кыргызстандын ичиндеги темир жолду жана эл аралык линияны куруу жана башка алар катышып, инвестиция сала турган долбоорлор», - деди ал.
Эки тарап да эл аралык проблемаларды талкуулашты. «Биз өзүбүздүн так позициябызды айттык. Орус тарап муну оң кабыл алып, бул суверендүү өлкөнүн позициясы экенин билдирди», - деди Тышкы иштер министри.
Булак: NazarNews.kg