www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатында 29-июнда болгон мушташ фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция мушташка 11 жаран – үч эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын сегиз кызматкери катышканын аныктады.
Окуянын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мушташка катышкан адамдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, окуянын катышуучуларынын бири пансионатта меймандарын кабыл алган. Келген коноктордун бири көл жээгине жакын жерде заара кылып жатканда аны коопсуздук кызматынын кызматкери көрүп калып, эскертүү берген. Ал эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик болуп, ал мушташка айланган.
Айрым адамдар бул окуяны президент Садыр Жапаровдун “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгы менен байланыштырууга аракет кылууда. Мындан улам Ысык-Көл облустук милициясы аталган окуя башка мүнөзгө ээ жана жергиликтүү тургундардын пляжга кирүүсүнө эч кандай тиешеси жок экенин эске салат.
Кийин облустук милициядан бул иш боюнча 18 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg