www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри интрига менен алектенбей, өз ишин кылсын. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева мектеп директорлорун ага каршы тукуруп жатат.

"Өзүнүн милдеттерин аткарсын, интрига токубай. Мектептин директорлору чогулуп алып, депутатка каяша айтып жатат. Бишкектин айрым мектеп директорлорунун мүлкүн текшерүү керек. Кымбат баалуу унаа, турак-жайларды кайдан, кантип алышканын. Алар балдардын, элдердин канын мите курттай соруп жүрүп алган ошол мүлктөрдү. 

Ошондуктан, Мозгачева өз ишин кылсын. Мектеп, соцблок, билим берүү Бишеке шаарында өлдү. Силердин жасап жаткан жакшы иштериңерди бир жагынан артка тартып, элге уят кылып атат", - деп депутат Түлөбаев мэриянын өкүлдөрүнө кайрылды.

Эскерте кетсек, Бишкектеги 50дөй мектептин директорлору депутат Балбак Түлөбаевдин үстүнөн арызданышып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Алар эл өкүлүн миллиард сом айыпка жыгуу керек экендигин айтышкан. Буга депутат Балбак Түлөбаевдин окуучуларды мектепке кабыл алууда 20 миллион долларга жакын пара директорлордун чөнтөгүнө кетип жатат деп айтканы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости