www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүйлөсө тилинен чаң чыккан айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков сөзү менен баарын жайгарат, ал эми иши начар. Айтканы менен иши төп келбейт.
Ага өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу тапшырылган. Тамак-аш коопсуздугунун базалык азык-түлүгү болгон нан, кумшекер, өсүмдүк майы, эт азыктары күндөн күнгө кымбаттап баратат.
Ал эми Аскарбек Жаныбеков болсо министрликтин кабинетинен чыкпаган адистери даярдап берген отчетторду окуп берип коюп отурат. Тамак-аш азыктарына болгон бааларды көзөмөлдөгөн киши жок.
Мисалы, кумшекердин баасы “Глобус” гипермаркетинде 80 сом, ал эми башка дүкөндөрдө 100 сомдон сатылууда. Эмне үчүн мындай айырма? “Глобустан” башка дүкөндөр Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбейби, же алар башка мамлекеттин дүкөндөрүбү?
Бул эмне деген башаламандык? Муну ким теске салат? Антимонополиянын кызматкерлери кошулуп алып бизнес жасап жатышабы? Сокенин учурунда дарыканаларда ушундай башаламандык болду эле, эми ал азык-түлүк саткан дүкөндөргө жеттиби?
Азык-түлүккө болгон баалар тезинен теске салынышы абзел.
Булак: Азия News гезити