www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«ТЭЦ, Датка –Кемин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун текшерип, ашыкча зарпталган каражаттарды чиновниктерге төлөтүш керек», - деди бүгүн, 30-июнда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.
- Акылбек Жапаров эгер Кытайдын карызын төлөй албай калсак, анда Бишкек ТЭЦинин, Датка-Кеминдин, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөт деген ойду айтты. эми бир муштумдай биригип, абалдан чыгышыбыз керекпи?
- ТЭЦ, Датка-Кемин, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун Кытайдан насыя алып курганбыз чын. Төлөй албай калсак, Акылбек Жапаров айткандай болот. Бирок, биз ага жеткирбешибиз керек.
ТЭЦдеги максатсыз пайдаланылган акчалар боюнча, парламенттик комиссиянын токтому канчалык деңгээлде аткарылганын, чиновниктердин коррупциялык схемасынын айынан коромжу болгон каражаттардын тагдыры не болгонун, укук коргоо органдары бул иштер боюнча кимисин канча кустурганы боюнча коомчулукка ачык айтылышы керек. чыккан айырманы ошол долбоорду ишке ашыргандарга төлөтүп, кытайдан алган карызга жумшаш керек. Негизи мындай мисалдар бизде толтура.
Айтайын дегеним, Датка-Кемин долбоорунда дагы бир канча миллиондогон сумма ашыкча коротулган. Компетенттүү депутаттардан депутаттык комиссия түзүп, бул долбоорду да текшерип, элге жыйынтыгын айтыш керек.
Мына ошол жерден чыккан айырманы да төлөтүп, Кытайдын карызынан кутулганга жумшасак да болот.
Кыргызстанда кандай чоң долбоор болсо, ошончо каражат ашык сарпталат. Өкүнүчтүүсү бул адатка айланып калган. Ошон үчүн ошондой ири долбоорлорду иштеткен чиновниктердин баары мамлекет алган карыздын эсебинен байыган. Ошолордун баарын текшерип, жетпегенин ошол иштин башында турган чиновниктерге төлөтүшүбүз керек.
Мына Кумтөрдү өзүбүзгө алдык. Андан түшкөн каражаттарды жалаң эле бюджетке сала бербестен, үнөмдөп карыздардан кутулууга да жумшашыбыз керек. Негизи карыздан кутулуунун жолу толтура.
Акылбек Жапаров элди дүрбөтүп, Кытайдан алган карызды төлөй албай калсак, бир катар объектилер сырткы башкарууга өтөт деп айтпай эле койсо болмок экен. Анткени, Кыргызстан мамлекетинин жетекчилери аларды Кытайга башкартып койбойт. Кандай болгон күндө да, элдин көз карандысыздыгын сактоого аракет кылышат.
Карыздан кутулуунун жолдорун табышат. Болгону, ынтымакта иш кылып, абалдан чыгууга салым кошушубуз керек. Анан өкмөт да ачык-айкын иштеп, элге так маалымат берип турушу керек.
Булак: NazarNews.kg