www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатындагы мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. аттуу жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Ысык-Көл райондук соту мушташтын негизги себепкери М.Э.ге 20 күнгө, тактап айтканда 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Эске салсак, кечээ, 30-июнда Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБи кылмыш ишин козгогон. Алгачкы тергөө иш-амалдарынын жүрүшүндө 11 адамдын мушташка түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган.

Буга удаа социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү “Радуга” пансионатында орун алган мушташтын дагы бир видеосу тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости