www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тазабек мырза, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкты талаптагыдай аткарбаганы үчүн Сузак районунун эки айыл өкмөт бышчылары кызматынан алынганын айттыңыз. Муну бул айыл өкмөттөрүндө ысырапкерчилик такыр эле тыйылбай жаткан катары түшүнсөк болобу?

- Өлүм-житим болгон жерде туугандары мурунку көнгөн адат боюнча мал союп жатышат. Ысырапкорчулукка жол бергени үчүн Атабеков жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчыларын кызматтан алып салышыптыр. Ушундан улам алар мага “биз ар бир айыл өкмөтү өз алдыбызча чара көрүп, айыптарды салган менен маселени чече албай жатабыз. Ансыз деле кайгыга батып турган кишилер менен “мал сойдуң” деп мушташа албайт экенбиз.

Башка айыл өкмөттөрүндө деле ошондой окуялар болууда. Бирок, алардын кээ бирөөлөрүнө эскертүү, айрымдарына сөгүш берип, бизди болсо жумуштан алды. Бул адилеттикке жатабы? Мыйзам баарына бирдей иштесин да” деп кайрылышты. Чын эле мыйзам баарына бирдей иштесин да. Же булардын орду бирөөгө керек болгонбу? Мен ошондон улам маселе көтөрдүм.

- Өткөн жумада казино боюнча мыйзамга добуш берилгенде, сиз иш сапарында экенсиз. Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыгында “добуш берген” болуп жүрөсүз?

- Аны кайра-кайра эле айта бергенде актангандай болуп калам. Мен эртең менен төрагага катымды таштап, ТүрПАнын жыйынына кеткем. Демек, мен кеңешмеге катышкан жокмун, добуш да берген эмесмин.

- Анда сиз үчүн кнопканы ким баскан?

- Аны териштирип отурган жокмун. Эң башкысы, мен жыйынга катышпаганымды документ менен ырастап бердим, менин добушум жокко чыгарылды.

Булак: Азия News гезити

Последние новости