www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Мадриддеги НАТО саммитинде Британиянын премьер-министри Борис Жонсонду күтүүсүз жерден ийнинен кармап, ыңгайсыз абалга калтырды.

Кадрларда көрүнүп тургандай, отурган Жонсондун ийнине Эрдоган күтүүсүздөн колун коюп, Британ өкмөт башчысын чочуткан. Жонсон ордунан ыргып туруп "Менин урматтуу досум, кандайсың?" деп үн катты. Андан соң кол алышып, Эрдоган күлгөн бойдон ордуна отурду.

Баса, кечээ түрк президенти дагы бир ирет Жонсон менен тамашалашып, “НАТОнун башчыларын уят кылып жатасың” деп айткан. Анда Жонсон юморду түшүнбөй калгандай түр көрсөткөн.

Бирок АКШ президенти Джо Байден “бул тамаша, Борис” деп абалды жайгарып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости