www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылдан ашык убакыттан бери Рахат Жунушбаева лифт чыгарган завод ачканын жарнамалап, окшошпосо да жылдызга айлангысы келип жүрөт. Курулай сөзүн, түшкөн сүрөттөрүн, жасалма жүзүн гана чагылдырып келе жатканы кызык. Шоу.

Эң жөнөкөй негиз келтирели, заводу куркурап иштеп жатса, мамлекетке канча салык төлөдү? Бул жагынан мактана албайт. Реалдуу көрсөткүчү жок да. Мисалы, 1980-90-жылдары салынган көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери бузулуп, эскирип, чекесинен жарактан чыга баштаган. Сатып алууга, жаңыртууга муктаждыктар бар.

Эгерде Рахат Жунушбаева лифт чыгарып жатса, жүздөгөн үйлөрдү жабдысак болбойт беле? Кардарлар табылмак. Өкмөт деле сатып алууларды ойлонмок. Бирок чыгарган лифттери кана? Көрбөй жатабыз. Жөн гана ооз көбүртмөй...

Баса, Рахат айым корей улутундагы адамдын бизнесин «көз боёмочулукта» тартып алып оңой байлыкка туйтунуп, бирок андан ары иши жүрүшпөй калганын чыныгы жашоодогу реалдуулук көрсөтүп койдубу?

Булак: Азия News гезити

Последние новости