www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореянын өкмөтү Орусиянын Донецк жана Луганск элдик республикалары (ДЭР жана ЛЭР) боюнча позициясын толугу менен колдойт. Бул тууралуу Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сон билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.
Пхеньяндын республикалар менен кызматташууга даярдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып дипломат: «КЭР өкмөтү Россия Федерациясынын ДЭР жана ЛЭР боюнча позициясын колдоого толук даяр», - деди.
Буга чейин КЭРдин Москвадагы элчилиги Түндүк Кореянын ДЭР жана ЛЭРдин суверендүүлүгүн тааныганын ырастап, Пхеньян орус тарапка тиешелүү нотаны тапшырган.
Луганск Эл Республикасынын башчысы Леонид Пасечник Түндүк Кореянын республиканын эгемендигин таануусун тайманбас саясий кадам деп атады.
Булак: NazarNews.kg