www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилдеги Кыргызстандагы саясий окуяларга күбө болуп отуруп, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоо  татаал боло турганы байкалып турат. Азыркы парламенттеги дүкүйгөн зор саясий партиялар өздөрүн ресурстарын өздөрү соруп бүтүп, шайлоочулардын ишениминен ажырады. Акыркы мезгилдеги кырдаалдар жана чыр-чатактар кыргыз коомчулугун уйкусунан ойготту. Эл эски көз караштагы саясий күчтөр коррупциялык иштердин жана ызы-чуунун сазына баткандыктан, аларга добуш берүү туура эмес экенин түшүндү.

 Казна уруулугу жана жана жаман сапаттары менен булганбаган жаңы партиялар, жаңы лидерлер, жаңы жүздөр элге зарыл керек болуп турат.  Албетте, акчаны капчыктарына шыкап алышкан, каржы жагынан тажырыйбалуу азыркы иш-аракеттеги саясий партиялар  2020-жылдагы шайлоолорго жулунуп катышат. Аларды эсептен чыгарууга болбойт. Менин көз карашымда, эски жана жаңы партиялардын ортосунда кармаш, айрыкча аймактарда күч алат. Кыргызстандын облустарында шайлоо кампанияларынын учурунда талапкерлердин аймакка бөлүнүү, уруучулугу  өзгөчө күч алары бышык.

Мындай трайбалисттик саясаттын кемчиликтери жана жетишкендиктери бар. Ар бир аймак, ар бир район, ар бир айыл парламентте өзүнүн жердешин жана туугандарын көргүсү келет. Ошондуктан, бул жерде колдоо принциби күчтүү өнүккөн: биздин уул, биздин кызыбыз, биздин байке, ака, ага дешип тызылдап колдошуп добуш беришет.

Ушундан улам Кыргызстандын менталитетинде бир дагы саясий партия бардык өлкөбүздү камтып, мамлекеттик масштабда лидер боло албайт. Добуштардын саны талапкерлердин кадыр-баркына да көз каранды. Шайлоо учурунда белгилүү бир саясий партия үчүн иштеп берген элдин жакшы аттары да партиянын чыгышына түрткү берет. Кыскасын айтканда, саясий партиянын шайлоодогу жеңиши, ошол шайлоодо колдоо көрсөткөн конкреттүү адамга же кланга барып такалат. Бул заманбап Кыргызстандын чындыгы. Канчалык шайлоого жакындаган сайын, ошончолук саясий маалымат согушу күч ала баштайт. Саясатчылар жана аны колдогондор өзүнүн атаандаштарына каршы маалымат чабуулуна кирет, аларды жамандаган калппы, чынбы маалыматтар,  компроматтар суудай агылып, өзүн гана мыкты көрсөтүп, ал эми атаандашын бул дүйнөдөгү эң жаман адамга айлантат.

Бул салыштыра келсек жунгли мыйзамына окшош – саясий жарышта ким күчтүү болсо гана жашап, жеңишке жетише алат. Чындыгы, акыркы мезгилдерде маалымат агымдарынын сели мурунку Бажы кызматынын төрагасы Раим Матраимовго бурулушу, кээ бир саясатчылардын жана кландардын коомчулукта ал тууралуу терс пикирлерди жаратуу үчүн кылып жаткан аракеттери десек жаңылышпайбыз. Раим Матраимовдун 2020-жылдагы парламенттик шайлоого тийгизе турган таасирин түшүрүү алардын башкы максаты. Жөнөкөй тил менен айтканда, коррупцияланышкан саясий  оюнчулардын уктаса түшүнөн кетпеген кыялы Матраимовду оюндан сүрүп чыгаруу. Матраимовдун кичи мекени Ош облусунун Кара-Суу району – бул саясий жана экономикалык жактан алганда өтө зор күч. Бул райондун калкынын саны, кээ бир Талас сыяктуу облустарга тете- 400 миң адамдан ашып кетет, дээрлик жарым миллион.

Кара-Суу районун жашоочуларынын айтымында, Матраимовдор жердештеринин өнүгүшү үчүн көптөгөн финансылык каражаттар менен көмөк көрсөтүшкөн, суу каналдарынын курулушуна жардам беришкен, спортклуб жана зарыл болгондорго кайрымдуулук жана оорулуу адамдарды операция кылууга демөөрчүлүк кылышкан.

Башкалардан айырмаланып Матраимовдор кайрымдуулук иштерин маалыматтан кайра-кайра белгилеп пиар кылышпайт. Андан тышкары  Матраимовдор  Кара-Суу шаарында мамлекеттеги эң зор мечиттин бирин куруп беришти. Бүгүнкү заманда коомчулукта динге жардам берүү сыймыктана турган  эң бир ыйык иштердин бири.

Шайлоо учурунда Кара-Суу районунун калкы Матраимдордун кайсы саясий партияга добуш бергиле деген суранычы менен эсептешип, ал колдогон партияга добуш берери бышык. Бул зор таасир. Ош облусунда Матраимовдордун тийгизген таасири күчтүү болгондуктан саясий күчтөр аны менен эсептешпей коюшпайт. Кээ бир саясий партиялар добуш алуу үчүн Матраимовдордон колдоо күтүшсө, кээ бир саясий күчтөр  Раим Матраимовду каралап, кара бойок менен ага каршы интрига сүртүп, бул аймакта аны жамандап өз таасирлерин орноткусу келет. Ким Раим Матраимовго каршы иш жүргүзүп жатканын кимдин массалык-маалымат каражаттары же телеканалдары Матраимов тууралуу көп терс маселе козгоп жатканынан улам билсе болот. Анткени, көптөгөн ММКлар саясатчылар жана олигархтарга тиешелүү. Азыркы күндө Раим Матраимов көптөгөн саясий күчтөр менен саясатчыларга өз оюндарын ойноого тоскоолдук кылып жаткандай.

Медербек Коргонбаев, NazarNews.kg

Последние новости