www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-8-август мурдагы Алмазбек Атамбаев менен ИИМдин орун басары үчүн эстен кеткис күн болду. Атамбаев өзүнүн башына өзү “мүшкүл” жаратса Курсан Асанов “кызыл баштыктын” артынан кызматынан тебилди.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов министр Кашкар Жунушалиевди тергөө бүткүчө кызматтан четтетип турууну талап кылды. Мындай өтүнүч менен ал президент Сооронбай Жээнбековго жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кайрылуу жасап, Курсан Асановго айып коюуда министрдин жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн жар салды.
Бул көрүнүш албетте ИИМдин 7-8-августтагы кадамындагы аброюн бат эле төгүп, ийгилигин уттуруп жиберди. Социалдык тармактарда кайрадан терс пикирлер айтылып, болуп өткөн көрүнүштү мамлекеттик кызыкчылык эмес, эки генералдын чабышы жана көрөалбастык деп талкуулоодо.
Болуп өткөн “кызыл баштык” окуясын, саясый куудулдар Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиев күлкү торго айлантырды.
Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында 100дөн ашуун адам жаракат алып, бири киши каза таап, экинчиси оор абалда. Учурда окуяга катышкандардын бир нечеси камакка алынып, калгандары тизмеде турат.
Булак: NazarNews.kg