www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Aлсыздар ар дайым Райымбек Матраимовду каралоого алышып, ар кандай жомокторду жармаштырып келишет. Бул нерсе коомчулуктагы жат көрүнүшкө айлангандай. «Саман учту десе, Самарканд өрттөнүптүр» дегендей ишара. Деги көз боёмочулукту качан токтотобуз?

Реалдуулуктан алганда, анын кызматтан кеткенине 6 жылдын жүзү болуптур. Бирок Батыштын «кулдары» менен көралбастар копшолушуп, улам эле каралоолорду баштап калышат. Бир жагынан буюртма берилсе, жапатырмак ылай чачыратуу менен алектенип жатышмай.

Эмне үчүн?

Себеби, Райымбек мырзанын коомчулуктагы аброю бийик да, саясый элитадан карапайым элге чейин сыйлашат. Кокус кандайдыр бир иш-чарага, же тойго барып калса, баары тең жогорку урмат-сыйда кабыл алышат. Артында калың электораты, ишенимдүү колдоочулары бар. Кыргыздын сыймыктана турган уулу! Ал эми элге жасаган жакшылыктарын санай берсек, сан жетпейт...

Көрсө, атамзамандан бери канга сиңген терс көрүнүш бар тура: мыктыны, алдыга суурулуп чыккан азаматты буттан чалабыз. Ичибиз тар, мурдубуздан алысты көрө албайбыз, ушундай. Бузукулардын айынан кыргыздын канчалаган көйкашкалары садага чабылып келишет?

Натыйжада, Райымбек Матраимовдун коомго тийген кесепети, жамандыгы болсо биз көрмөкпүз. Эл да айтмак. Тилекке каршы, кумурскага да ак санаган инсанга куру жалаа жаап, жел сандар менен каралап, кайда баратабыз? Дегеле кызматта иштеген ар бир адам жаңылса керек.

Эгерде андан кайсы бир мүчүлүштүктөр кетсе, убагында мамлекетке жардам катары 2 миллиард сом которгонун, мүлктөрүн өткөзүп бергенин кайда жашырабыз?

Чайпалбаган сабырдуулугуна карап, улам тийише бергенибиз акылга сыябы?

Бул убакыт да өтөт, талдана турган күндөргө да жетебиз. Алтынды дат баспаган сынарындай, Райымбек мырзанын салабаттуу мүнөзүн, ички дүйнөсүнүн кенендигин айталы.

Акыры Ийгилик жылмаят, убактылуу тартылган сур булут да тарайт. Колдой жүрөлү, балдар...

Булак: АЗИЯnews гезити

Последние новости