www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашканын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Ал С., аттуу адам жубайын рак илдетинен айыктырам деп убада берип, 11 миң долларын алып, изин жашырып кеткенин айткан.

Бул факты Свердлов районунун ИИБнин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1978-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Милиция шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 501 20-64-04, 0 222 81-00-00 номурларына же Свердлов районунун нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт 0 312 43-28-15 жана 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости