www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рактын алдын алууга жардам берген беш азык

Тамакка айрым азыктарды пайдалануу онкологиялык ооруларды алдын алууга жана күрөшүүгө жардам берет. Бул тууралуу Британиянын Daily Expess басылмасына дарыгер Вильям Ли айтып берди.

Ракка каршы азыктардын сап башында жаңгактар — токой жаңгагы, жер жаңгагы, Бразилия жаңгагы, кешью, бадам жана мисте кирет. Адис булардын курамындагы полифенол, омега-3 май кислоталары рак клеткасы менен күрөшө турганын айткан.

Адис помидордогу ликопин рак клеткаларына кандын барышына бөгөттөп, "ачка кылып" өлтүрө турганын айткан. Ошондой эле кара көк (фиолетовый) картошка да рак клеткаларын талкалай турчу азык болуп саналат.

Мындан сырткары, адис белокко, аминокислотага жана антиоксиданттарга бай устрицаны жеп турууну сунуштады. Моллюскалар адамдын ДНКсынын бузулуп кетүү коркунучун он эсе азайта турганы айтылат. Ошондой эле көк чай, анын ичинде Япониянын матча аттуу көк чайы аталган илдетке каршы турууга көмөктөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости