www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айта берсек көйгөй көп…

Мындан бир топ күн мурун Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышында борборубуздагы төрт райондун аттарын өзгөртүү боюнча депутат Таалайбек Усубалиев сунуш киргизгендигин гезиттерден окудук.

Депутаттын ою боюнча, райондордун азыркы аталыштары моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарып бүткөн экен. Ошон үчүн Свердлов районун- Чыңгыз Айтматов же Манас, Биринчи майды — ​Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдырахманов, Октябрды — ​Байтик баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленин районун — ​Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков району деп өзгөртүүнү сунуш кылыптыр.

Ушундай кылып аталыштарын өзгөртүп койсок эле улуттук идеологиябыз жайылып, турмушубуз тез эле оңолуп кетет экен. Бул маселе мындан мурун деле бир нече жолу көтөрүлүп, колдоо тапкан эмес.

Анын үстүнө республикада жер-суу, айыл-кыштактардын, шаарлардын аталыштарын адамдардын аттарына которуу тарыхый жактан да илимий жактан да туура эмес экендиги белгиленип, бул “оюнду” токтотуу керек экендиги закондоштурулгандай да болду эле.

Эгер шаарыбызда 15, 20 район болуп, ошонун эки-үчөөнө адамдардын аттарын берсек бир жөн эле, анчалык каршы пикирлер айтылбай калат беле дейбиз.

Ал эми бул жерде болгону төрт районубуздун бардыгына кишилердин аттарын берип, алмаштырып алсак элдин кабыл алуусу, ага көнүп кетүүсү бир топ көйгөйлүү болот. Көп нерселердин алмаштырылышы, өзгөртүлүшү керек.

Алар менен бирге чоң финансылык каражаттар жумшалат.

Эми шаардын башка көйгөйлөрү бүтүп калгансып, турмушубуз бардык жактан кыйын болуп жатканда бүгүн анчалык зарылчылыгы жок, чечүүчү ролду ойнобой турган ушул маселени талкууга коёлу деп жатышканы, алардын элибиздин башынан өткөргөн тарыхый тагдырын, социалдык-саясий позициясын, бүгүнкү жана эртеңки жолун туура баамдай албагандыктарын, ушундай маселелер боюнча билимдеринин тиешелүү деңгээлде эмес экендигин гана көрсөтөт.

Шаарыбыздын бир нече көчөлөрүн алмаштырдык эле, эмне болуп жаткандыгын көрүп жатпайбызбы?

Улуу октябрь революциясы, Совет бийлиги болбогондо ошол биз айтып жаткан улуу жердештерибиз Ж. Абдырахманов, И. Раззаков, Т. Усубалиев, Ч. Айтматов жана башкалар болмок эмес.

Райондорубуздун аттарын алып жүргөн аталыштар, терминдер, депутат өзү айткандай алар тарыхый миссиясын аткарып келишти. Алар элибиздин ар убак эсинде, тилинде болуп, күндөлүк жашоо турмушун коштоп, сакталып калышы керек. Ушулардын бардыгынын бүгүнкү биздин турмушубузга, мамлекет болуп жашап жатканыбызга салымы чоң.

Жакшылыкка жакшылык менен жооп бергенге, баалай билгенге үйрөнө албай келе жатканыбыз өкүндүрөт. Кийинки кездерде кыйын болуп, “совет, союз” деген сөздөрдү айткандан, сүйлөө тилибизге катыштыруудан тартынып, аларды речибизден алыстатып, туура болбой жатса да жогорудагыдай аракет кылып келебиз.

Бир эле мисал келтире кетейин, басма сөздөн күнүгө ОДКБ, ШОС, ЕАЭК, БРИКС, ЕАЭС, ООН, НАТО деген сыяктуу аббревиатура — ​татаал сөздөрдү окуп, угуп, жазып жатабыз. Ушундагы ЕАЭСти алалы.

Чечмелеп көрсөк ал: — ​Евроазиялык экономикалык союз дегенди түшүндүрүп жатат. Биз аны кыйын билген болуп, ЕАЭБ деп айтып, жазып алдык да, биримдик, бирлик деп союз дегенди каратып туруп бурмалап жатып калдык.

Бирлик, биримдик деген “союз” дегенди билдирип жатат. Дегеле, союз деген сөздөн качыштын кереги жок. Жүз жылдан бери биз аларды өзүбүздүн төл сөзүбүздөй колдонуп, Жазуучулар союзу, Журналисттер союзу, Архитекторлор союзу, КРнын профсоюздар федерациясы деп айтып, жазып келе жатабыз.

Ушул жерден дагы “бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын” зарылчылыгы бар беле? Булар улуу тилчилербиз (К. К. Юдахин, Х. К. Карасаев) түзгөн “сөздүктөрүбүздө” ачык эле жазылып да турат.

Кыргыз эли Советтер союзу деген адилеттүү улуу державанын составында жашап илим-билимибиздин, маданиятыбыздын, адабият менен искусствобуздун жана башка тармактардын болуп көрбөгөндөй өнүгүшүнө ээ болду.

Жыргал турмушта, тынчтыкта жашашты. Муну эч убакта унутпашыбыз керек. Совет доорунда Кыргызстандын маданияты менен искусствосунун жыйырмадан ашык мыкты өкүлдөрү “Советтер союзунун эл артисти” деген бийик наамды алышкандыктарынын өзү эле биздин “алтын доордо” жашаган экендигибизди билдирип турат.

Ушул жетишкендиктердин бардыгы эл достугунун, туура жүргүзүлгөн улуттук саясаттын, анын ичинде орус тилинин жагымдуу таасири менен жетишилди десек болот.

Орус тили дүйнөгө Айтматовду бергендигин эч качан унутпашыбыз керек. Батыштын, Американын анча-мынча акчасына алданган айрым замандаштарыбыздын аракети менен кийинки мезгилдерде бизге орус тилине, Россияга карата туура эмес пикирлердин пайда боло калып жатканы баарыбызды ойлондурат, өкүндүрөт.

Аларды укпаш керек. Россия биз үчүн чоң таяныч. Негизги приоритет болуп келген, болуп турат. Ошол эле орус тилинин жардамы, таасири аркылуу билимге-илимге жетип, өзүн окумуштуумун деп сезип алгандардын ичинде орус тилинин Конституциябызда оригиналдуу тил болуп эсептелет деп жазылып турганын бул улуттук трагедия, орус тили – күчтүү мамлекет зордук күч менен таңуулап киргизген тил деп айтып, жазып жүргөндөрдү билебиз.

Мындай позиция бизди алдыга, жакшылыкка алып барбайт. Стратегиялык өнөктөш, эчактан бери ынтымакта жашап, достук мамиледе өмүр өткөрүп келишкен эки элдин, эки мамлекеттин ортосунда күтүлбөгөн жаман мамилени жаратып коюшу мүмкүн.

Ушул бизге керекпи? Муну эч ким көрбөсүн да, укпасын деп түп тамырынан бери жок кылышыбыз керек. Акыркы жылдарда бүгүн да Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда кандай көңүл бөлүнүп, кандай мамиле жасалып жатканын көрүп жатабыз.

Бизге кандай мамиле болуп жатканын азыр эле жогоруда айттык. Билмексен болуп, эмне кылыш керек дегенди айткан, ооз ачкан бирөө жок. “Бүгүн союз доорун бир беткей жамандоо — ​бул кесирлик” деп туура белгиледи журналист, тарыхчы Кемелбек Жумагулов гезиттердин бирине берген интервьюсунда.

Россия, орус тили болбосо кыргыз элинин жашоосу, келечеги кыйын боло турганын жазып жатышат. Муну укмаксанга салып, көңүл бурбай коюуга болбойт. Улуу акын Алыкул Осмонов:

“Эй Россия, Россия бир боор энем,

Мен өңдүү, тоо кушуна койнуң кенен.

Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм,

Биз элбиз, биз кишибиз  сени менен!” деп 1945-жылы Кой-Сарыда жүрүп жазганын карачы! Эми ушул Россияны кыргыздар эч убакта Орусия деп жазган да, айткан да эмес.

Ошого болбой, кийинки кездерде “жылкы теппей, жылан чакпай” туруп эле тили жакшы келбесе да оозун чормойтуп жатып, айткандар, жазгандар көбөйүп кетти.

Муну келесоолук деп катуу айтпай эле коё туралычы. Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринде “Россия федерациясы” деп жазылып турат. Ал баарыбыз үчүн закон.

Башка айтууга, жазууга укугубуз жок. Обу жок оюндарга орун берип, элибиздин сабатсыздыгына салым кошуунун кереги жок. Ансыз да жетишип жатат башкасы.

Учурдагы басма сөз каражаттарында ушул көйгөйлөр боюнча салмактуу, эң туура, башкаларга караганда алда канча түшүнүктүү ойлорду билдирүүдө журналист, саясий-аналитик Сабыр Муканбетовдон өткөн башка бирөөнү көрө албай келем.

Анын: “СССР кезинде Россияны старший брат дедик. Эгемен болдук, азыр ОДКБга, ЕАЭСке, теңата союздашпыз. Стратегиялык өнөктөш болуп турабыз. Ошол эгемендиктин баркын билишибиз керек” деп бир гезитке берген интервьюсунда айтып жатканы калетсиз, эң туура.

Четин Жумагулов, түрколог, терминолог, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Булак: Жаңы Ордо гезити

 

Последние новости