www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алымкадыр Бейшеналиев чөп дарылар менен дарылайлы деп демилге көтөргөнү үчүн запкы тартпашы керек», - деди бүгүн, 19-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-элчи Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, уу коргошунду элди торуган илдеттен сакайганга колдонсок, жакшы жыйынтык берет дегенден бери коомчулукта түрдүү сөздөр, түрдүү көз караштар айтылды. Бул алсыздыгыбызбы же өз алдынча иш жасай билбегенибизби?

- Менимче, бул нерсе биздин эгемендигибиздин жоктугунун белгиси. Тагыраагы, уу коргошунду пайдаланалы, илдетке кабылгандардын каалоочуларына колдонолу деген министрдин сынга кабылганы өзүбүз эч нерсеге ээ эмес экенибизди айгинеледи. Болбосо илимпоздор биригип, уу коргошунду клиникалык текшерүүдөн өткөрүп, пайдалуу жана зыяндуу жагын айгинелеп жазып, корутунду чыгарышып беришсе, мынчалык уу-дуу болмок эмес.

Каалаганы пайдаланып, каалабаганы медициналык дарылар менен дарылана бермек. Бул жерден президент туура иш кылды демилге көтөрүп. Бул чөп элдик практикада илгертеден колдонуп келген. Мен билгенден бул дарылыгы күчтүү чөптү бир канча саясатчы пайдаланып, жакшы жыйынтык алып жүрүшөт. Кыскасы, жөнү жок чырылдай бербей дарылыгы күчтүү чөптөрүбүздү иштеп чыгууну мыйзамдаштырышыбыз керек. 

Маселен, биз маани бербей, капарыбызга албай жүргөн ит мурун деген да өсүмдүк бар. Ал тоодо жана башка жерлерде көп өсөт. Аны Түркиядан келип, чогултуп кетишип, быша элегинде эле флаконго салышып сатып, жылына миллиондогон доллар киреше табышат. Ит мурун боорду, бөйрөктү тазалайт. Жүрөгү ооругандар ичсе пайдасы жакшы дешет.

Ошондой эле, боюнда бар келиндер кайнатып ичсе, бөйрөгүн жакшы иштетип, бала жаткан сууну тазалайт деп миңдин бири катары баалашат. А биз болсо дары чөптөрүбүздү чанып, оң-тескери пикрлерибизди айтып, сындагандан өйдө боло албай жатабыз. 

- Бирок, депутаттар Саламаттыкты сактоо министрине ишеним көрсөтпөй аны кызматтан кет дешип жатат го?

- Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди депутаттардын кызматтан кет дешкени туура эмес. Ал мурунку министрлердей болуп абалдан пайдаланып жеп, ичкен жок. Алымкадыр Бейшеналиев чөп дарылар менен дарылайлы деп демилге көтөргөнү үчүн запкы тартпашы керек.

Тескерисинче, медициналык академия, илим изилдөө академиясы уу коргошун менен COVIDден айыккан 300 кишини сурамжылоого алып, жакшы жыйынтык берген болсо, аны менен дарылоону мыйзамдаштырышы зарыл. Министр депутаттар кызматтан кет деп жатат деп түйшөлбөй тескерисинче, уу коргошундун дарылык касиетин далилдеп, аны мыйзамдаштыруу үчүн күрөшүшү керек. Ошондой эле, былтыркы пандемияда шалаакылык кылып элди кырып алгандарга кылмыш иши козголуп, илдетти алдын алабыз деген министрди колдоого ээ болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости