www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Өлкөдө кымбатчылык, социалдык маселелер чегине жетип турат. Күн санап жакыр жашагандардын катары калыңдоодо. Жумушсуздук күч алды. Өкмөт элди багууда жаңы программаларды, идеяларды сунуштай алабы?

-- Негизи, биздин өлкөдө социалдык маселелер күн санап бир-бирине кошулуп, көбөйүп баратат. Ошол эле жумушсуздук, жаштар үчүн үй-бүлө курганга, жашаганга турак жай маселеси да өтө курч абалда.

Каатчылыктын айынан жаштардын баары чет жакка агылып кетүүдө. Тилекке каршы, биздин өкмөт бүгүнкү күнүмдүк оокат менен гана алек болуп, келечекке он жылдык, жыйырма жылдык эч кандай программа дагы, стратегия дагы жарыялабай, багыт көрсөтө албай жатат. Ошол эле учурда Акылбек Жапаровду “кыйын экономист” деп келишет.

Мен да кошулам, бирок негедир анын социалдык маселелерди чече ала турган кеңири программасын көрө элекмин. Өзгөчө турак жай, жумушсуздук маселесин чечкенге биздин “Жаратман” эл партиясынын даяр сунуштары бар.

Акыркы убакта мунайзаттын кымбаттаганы да кыйынчылык жаратты. Ал маселени чечкенге да биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бирок бүгүнкүгө чейин ошол 3-4 маселенин жолун табууну көрө албадым.

Биз жолдогон программалардын айрым жерлерин каталары болсо оңдоп, пайдаланса да макул элем. Ал программага 8 жылдай өмүрүмдү арнадым. Бирок менин үнүм жетпей жатат.

Өкмөткө, президентке дагы сунуштаганга аракет кылгам. Мамлекетибизде негедир жөнөкөй жарандардын үнү угулбай келет. Алардын ойпикири таптакыр эле эсепке алынбайт. Балким мен сунуштаган программанын өлкөгө чоң пайдасы тиймек. Аны карап да койбогондору өкүндүрөт.

Бизде жумушсуздук, кымбатчылык жана сырткы миграция маселелерин чечмейинче эч кандай экономикалык, социалдык жана башка өнүгүү болбойт. Биз эгерде турак жай маселесине көңүл буруп, ошол жакты өнүктүрсөк, жумушсуздук азаймак.

Ал эми өзүбүздүн мунайды иштетсек, кымбатчылык токтоп, баалар өспөй, жаңы жумуш орундар түзүлүп, казынага пайда түшөр эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости