www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КПК БКнын Башкы катчысы Си Цзиньпин КПК БКнын атынан Кытайдын дыйкандарынын бешинчи түшүмү фестивалынын алдында дыйкандарга, ошондой эле, айыл чарбасында, айылда жана дыйканчылыкта иштеген жолдошторго майрамдык салам жолдоду. Бул тууралуу  NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

Кытай лидери Кытай жайкы дан эгиндеринин жана эрте күрүчтүн түшүмүн көбөйтүүгө жетишкенин жана быйылкы жылы дагы мол түшүм күтүп жатканын, түндүк аймактарда сейрек кездешүүчү күзгү жамгыр жана суу ташкындары, кеч себүү өңдүү табигый көрүнүштөрдүн кесепеттерин жоюп жатканын билдирди.

"Бардык деңгээлдеги партиялык комитеттер жана өкмөттөр КПК Борбордук Комитетинин айыл чарба, айыл жана дыйканчылык менен байланышкан иш боюнча негизги саясий багыттарын, чечимдерин жана пландарын терең ишке ашырып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерди активдештирүүлөрү керек", - деди Си Цзиньпин.

КЭРдин башчысы аларды айыл чарба секторунун негиздеринин туруктуулугун сактоого, жакырчылыкка каршы куреште жетишилген ийгиликтерди чыцдоого жана кеңейтүүгө, айыл-кыштакты жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости