www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүү өлкө болгондон кийин башка тармактар сыяктуу эле билим берүү тармагы да оор сокку алды. Мамлекет билим берүү мекемелерин керектүү окуу, методикалык куралдар менен камсыздай албай аксады. Ал түгүл жөнөкөй эле чарбалык көйгөйлөрүн чечип бере албай, бала бакча, мектептердин ремонтуна каражат бөлүнбөй, жаңы окуу мекемелери курулбай билим берүүнүн сапаты кескин төмөндөдү. Мектепке барбай, билим албаган балдардын саны өстү. 

Жаңы эгемендүү өлкө болгондо Кыргызстандын жарандарынын 98%и сабаттуу эсептелсе, бул көрсөткүч кургуйга кулады. Көңүл кош, кайдыгер мамлекеттик саясаттын айынан, реанимацияга түшүп калган Кыргыз билим берүүсү бүгүнкү күнгө чейин реабилитация боло албай комада жатат. 

Өкүнүчтүүсү, мамлекет билим берүү тармагына олуттуу көңүл бура албай калганынын кесепетинен, арабдардын демөөрчүлүгү менен медреселер көп ачылып, диний билимге сугарылган муун өсүп чыкты. Мечиттин санынан баш айланып, убактысын билим алууга эмес, беш маал намазга арнап, жер кыдырып даават айткан жаштардын калың катмары пайда болду. Коом жиктелди. Светтик көз караш менен диний ишенимге берилген муундун ортосунда консенсус табылбай, ажырым тереңдеп баратат. Бул өтө кооптуу маселе. Мунун кесепети коркунучтуу. 

Демек, мамлекет тарабынан ар түрдүү көз караштагы, ишенимдеги топторду, билим аркылуу, кыргыз улутунун, нарк-насил, рухий баалуулуктарынын айланасына консолидация кылган саясат жүргүзүлүшү милдет. Ал үчүн бала бакчадан тартып, мектеп, жогорку окуу жайларына чейин, улуттун өзөк-тамырына, маданий рухий дөөлөттөрүнө мүнөздүү болгон тарых, адабият, кыргыз тили, географиясын окутуп, үйрөтүүгө өзгөчө басым жасалууга тийиш. Ал түгүл кыргыздын нарк-насилин таануу сабагы киргизилип, ошондой эле, Манас эпосун өзүнчө предмет кылып окутуу зарыл. Музыка сабагынын сааты кеңейип, анын өзөгүн комуз күүлөрүн үйрөнүү түзсө талапка ылайык болмок. 

Мамлекет мына ушул жагдайга терең маани берип, билим берүү жана илим алуу жаатында тез арада кардиналдуу реформага барбаса, эртең кеч болуп калат. Убакыт күтпөйт. Тез, ыкчам аракет керек. Билим берүү мекемелери бала бакчадан тартып, мектеп, орто кесиптик окуу жайлары, жогорку окуу жайлары (институт, университет, академия) түп тамырынан бери жаңылоого муктаж.

Жогорку окуу жайларында өзгөчө өндүрүштү, айыл чарбасын көтөрүү багытындагы билимге, айтитехнологияны, биоинжинерия, медицина жана башка азыркы кезде өтө маанилүү болгон келечектүү кесипти окутууга көңүл буруу кажет. Сапатсыз билим берген, керексиз, ашыкча кесиптерге окуткан, үй-бүлө бюжеттин тоногон, жумушсуздар армиясын түзгөн, жеке коммерциялык кызыкчылыкты көздөгөн кесиптик орто жана жогорку окуу жайларын жаап, сандан сапатка өтүш учур талабы. Бул кадамга барууга аба-суудай эле муктаждык бар... 

Жасалма диплом, жасалма билим өлкөнү экономикалык кризистен, сабатсыздыкты өөрчүткөн караңгы туңгуюктан сууруп чыкпайт. Андыктан, күндүн күрөө тамыры болгон билимден акча аябай, дал ушул билим берүүгө ири суммада инвестиция салуу абзел.  Ансыз жаркыраган өнүккөн өлкөнү, интеллектуалы бийик коомду куруу мүмкүн эмес. Келечек ээлерине заман талабына шайкеш татыктуу кесиптик билим берүүнү жолго коё албасак, дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берип алдыга жылышыбыз кыйын. 

Билим берүүгө келгенде катаал мамиле болбосо, жасалмалуулук, коррупция токтобойт. Шалга айланган система сынбайт. Мына азыркы тапта Кыргызстанда 2021-жылдын статистикасы менен алганда, ар кыл илимдин тармагы боюнча 1 миң 72 илимдин доктору, 4 миң 854 илимдин кандидаты бар экен. Санына карасак, көз кубанат. Бирок сапаты кандай деген суроо трагедия... Ушунча илимпоздорубуз өлкөнүн өнүгүшүнө канчалык салым кошту? Жообу жок. Анткени, баягы эле таз кейпибиз өзгөрө элек. 

Дегенибиз, билим берүүнүн сапатын көтөрүп, заман талабына шайкеш окуу, методикаларын улуттук нарк-насил менен айкалыштырып иштеп чыгып, азыркы учурга ылайык кесиптик мыкты жогорку билим берүү зарыл. Өлкөбүз учурда кайсы тармак болсун, улуттук нарк-насилди канына сиңирген, жан-дүйнөсү кыргыздын рухий дөөлөттөрүнө бай, чыныгы билимдүү адистерге, көрөңгөлүү кадрларга муктаж. Бул өлкөбүздөгү орчундуу курч маселе...

Алмаз Темирбек уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости