www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында уулангандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда 52 адам ооруканага жаткырылды.
- Бизге 52 адам жаткырылды. Алардын жетөө балдар, эң кичүүсү эки жашта. Абалдары орто. Уулангандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Анткени өзүн начар сезип келгендер токтой элек, - деди Алиев.
1-апрелде борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында белгисиз тамак-ашка ууланган 52 киши ооруканага кайрылган. Бул факт боюнча учурда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат иликтөө баштады.
Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 киши тойдон ууланган. Бейтаптардан керектүү анализдер алынып, ресторанды текшерүү иштери жүрүп жатат. Ресторандын жетекчилиги түшүндүрмө берүүдөн карманууда.
Коомдук тамактануучу жайлардан ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган.
Булак: "azattyk.org"