www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдындагы ашын чаламандын чак түшүндө тарттырып жиберип, Пушкиндин атактуу "Алтын балык" жомогундагы жыртык тепшисин кучактап отуруп калган кимпирди элестеткен Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп кеткен 2020-жылдагы Октябрь окуясына 2 жарым жылдын жүзү болду.
Революция дейбизби, же төңкөрүш деп атайбызбы, айтор ошондо Жээнбековду тактан кулатууга салым кошкондордун дээрлик көбү азыр ишсиз жүрөт. Айрымдары камалып чыкса, кээ бирлери жаңыдан камалып жатат. Мындан улам, "революция өз балдарынын башын жутат" деген чын тура дейсиң...
Мына ошол кезде бийликтин алмашып Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бийликтин бийик сересине чыгып калышына себепкер болгондордун көбү кызматсыз. Сыймык Жапыкеев, Максат Мамытканов баштаган бир топтор тебилди. Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров сыяктуу мыктылар ошондо эле четке сүрүлүп калган. Атамбаев, Курсан Асанов, Клара Сооронкулова камалып чыгышты. Кылмыш иштери али бүтө элек. Эми булар ошол кездеги бийликке каршылар болчу дейли...
Учурда азыркы бийликтин өз командасы болгон, Октябрь окуясында Садыр Жапаров үчүн туруп бергендер четинен сыртка сүрүлүп, айрымдары камалып, эки досту буга дейре баардык бийлик менен коюн-колтук алышкан эскилер курчап алды.
Мына Жапаровдун негизги бирден-бир колдоочуларынын бири катары белгилүү Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев камалды. Дагы алдыда кимдер деген суроо туулат? Бирок эми эки достон башка революцияга тиешеси барлар дээрлик калган жок.
Булак: NazarNews.kg